Биздин мамлекет дагы краудсорсингди колдонуучулардын катарына кирди
Дүйнѳ жүзү боюнча краудсорсинг технологиялары тууралуу маалымат берип туруучу “Crowdsourcing.ru”алдыңкы маалымат порталында биздин дагы улуттук краудсорсинг платформа жөнүндө маалымат берилди.
Дүйнѳдѳгү краудсорсинг-платформалардын катарына биздин ѳлкѳнүн краудсорсинг-платфомасы кошулду |
Дүйнѳ жүзү боюнча краудсорсинг технологиялары тууралуу маалымат берип туруучу “Crowdsourcing.ru”алдыңкы маалымат порталында биздин дагы улуттук краудсорсинг платформа жөнүндө маалымат берилди. Прогрессивдүү демилгелер фондусу түзгѳн Кыргызстандагы алгачкы краудсорсинг-платформаны тааныштыруу бетачар аземи жөнүндө макаланы жазып чыгышты. Эӊ башкысы «Кыргызстандын идеялык картасынын» максатары жөнүндө айтылыптыр. Ушуну менен биздин мамлекет дагы дүйнөдөгү краудсорсинг платформа колдонгон өлкөлөрдүн тизмесине кирди. Эми Crowdsourcing.ru сайтында Кыргызстандын дагы краудсорсинг платформасы менен байланышкан жанылыктары жарыяланып турат. Мына ушинтип кичине болсо да бул тармакта жаңылып жасапбир кадамга алдыга жылдык десек болот. Астыда бул сайтка чыккан маалымат берилген.
Өткөн айда Аскар Салымбеков негиздеген Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын Идеялык Картасы» атуу жаӊы стратегиялык долбоорду калкка сунуштады. Долбоордун максаты коомчулуктун ѳнүгүүсүнѳ багытталган алдыңкы ойлорду жана прогрессивдүү жаштарды колдоочу механизмди алып чыгуу. Коомдук ишкер Аскар Салымбековдун айтуусу боюнча: «Кыргызстандын Идеялык Картасы» коомдук демилгелердин, жаратман идеялардын базасын түзүп, алардын негизинде коомчулук менен биргеликте идеологиянын негиздерин талкуулоого жол ачат. Идеялык картанын алкагында Жоопкерчиликтүү жарандардын клубу түзүлѳт, анын алкагында келечекке жана коомдогу кѳйгѳйлѳрдү чечүүгѳ багытталган документтер каралат. Биз мамлекет чече албаган суроолорду көтөрөбүз. Биз өкмѳт жалгыз чече албай жаткан маселелерди карап, мамлекетибизге жардам беригибиз келет. Биздин тилек бул идеялар жана алдыңкы ойлор мамлекетке жана өкмөткө жардам берсе». Мамлекетти жаңыртууга багытталган идеялардын айрымдары www.fpi.kg интернет сайтына коюлуп коомдук талкууга сунушталды. 19-мартта «Космопарк» эс алуу жайында Краусорсинг-платформасынын бетачары болуп өттү. Коомдук ишкерлер, эксперттер жана аналитиктер келип катышып, ой бѳлүшүп кетишти. |
Добавить комментарий