Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Жарыштын жыйынтыгы боюнча 1-орунду жеңип Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктарга «Акыл Тирек»

Жарыштын жыйынтыгы боюнча 1-орунду жеңип Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктарга «Акыл Тирек» наамына ээ болгон инсандар

Жарыштын жыйынтыгы боюнча 1-орунду жеңип   

Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктарга «Акыл Тирек»

наамына ээ болгон инсандар

 

Байге: ар бирине 100 000 (жүз миң) сом акчалай сыйлык-сертификат,

                        «Акыл Тирек» кубогу, «Акыл Тирек» китеби, «Акыл Тирек»  диплому

 

1   

Касымбеков Рыскул Асангулович.

Кыргыз Улуттук агрардык университетинин ташууларды уюштуруу жана транспорттогу башкаруу кафедрасынын доценти, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын технопаркынын менеджмент, маркетинг жана интеллектуалдык менчик бөлүмүнүн башчысы. «Кыргызстандын агрардык секторун механизациялаштыруунун жолдору» аттуу ишине ыйгарылат.

2

Дыйканбаева Токтобюбю Саякбаевна.

Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун директору. Өлкөбүздүн улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктары финансылык туруктуулукту орнотуу концепциясынын негизин түзүшү зарыл деген идеяны көздөгөн Экономика институнун жааматы тарабынан сунушталган «Кризистин башталуу мүмкүндүгүнүн теориясы жана методологиясы (Кыргыз Республикасынын мисалында)» аттуу илимий изилдөө ишине ыйгарылат.

3

Курманов Зайнидин Карпекович.

Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы. Кыргыз Республикасындагы ааламдашуу учурунда болуп жаткан саясий процесстер иликтенип, бул процесстин өлкөбүзгө туруксуздук жана тобокелчиликти алып келип жаткан карама-каршы мүнөздөрү ачылып берилген «Кыргызстан келечекке кандайча тез жетишүүгө болот? («Жети кадам алдыга» программасы)» аттуу ишине ыйгарылат.

4

Бабакулов Аманбол Солтонкулович.

«Бай Ысык-Көл» коомдук фондунун аткаруучу директору. Велотуризм келечекте Ысык-Көл элинин экономикалык абалын жакшыртууга да, жергиликтүү жана республикалык бюджетти көбөйтүүгө да түрткү болот деген асыл ойду камтыган «Бай Ысык-Көл» аттуу изилдөө ишине ыйгарылат.

 

Жарыштын жыйынтыгы боюнча 2-орунду жеңип   

Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктарга «Акыл Тирек»

наамына ээ болгон инсандар

   

Байге: ар бирине 75 000 (жетимиш беш миң) сом акчалай сыйлык-сертификат,

          «Акыл Тирек» кубогу, «Акыл Тирек» китеби, «Акыл Тирек»  диплому.

1           

Абакиров Малик-Айдар Барктабасович.

USAID жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасынын каржы боюнча адиси.

Жаңы жумушчу ордун ачууга, ички дүң продукцияны көбөйтүүгө, өндүрүшкө, экспорттук товарларды өндүрүүгө, бюджетке салыктардын көбөйүшүнө, эл ичинде жакырчылыкты азайтууга негиз түзөт деген максатты көздөгөн «Кепилдик фонду - кичи жана орто ишкерлерди өнүктүрүү куралы» аттуу илимий ишине ыйгарылат.

2           

Жапаров Акылбек Үсөнбекович.

Экономика илимдеринин доктору, Орусиянын Табигый илимдер академиясынын профессору.  Кыргызстандын өнүгүшү үчүн зарыл болгон маселелерди чечүү жолдорун сунуштап, келечекте ушул сунуштарды колдонуу менен бир топ ийгиликтерге өлкө жете аларына ишенич артып жарышка сунушталган

«Өзүбүздүн өнүгүү жолубуз (Жаңы экономикалык саясат)» аттуу ишине ыйгарылат.

3           

Эсеналиева Назира Солтонбековна.

Кыргыз-Орус Славян университетинин каржы жана насыя кафедрасынын доценти.

Кыргызстандагы калктын ички каржы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн стратегиялык улуттук долбоорлордун каржылоосуна колдонуу багыттарын жана аларды мамлекетибиздин өнүгүшүндө пайдалануу максатында сунушталган «Мамлекеттик инвестициялык баалуу кагаздар: азыркы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу ишине ыйгарылат.

4           

Сапаев Муса.

“Конуш” руханий-чыгармачыл бирикмесинин төрагасы.

Ата Мекенде түзүлгөн ашкере чиеш абалдын кооптуулугун, андан суурулуп чыгуунун жолдорун  түшүндүрүү аркылуу ар бир кыргызстандыкты өзүн-өзү тарбиялоо ыкмасы менен инсандык чыгаан сапаттарга ээ болууга шыктаныдырып, өлкөдөгү коомдук кырдаалды  күжүрмөн абалга келтирүү  идеясына негизделген «Программалык максат жана адам фактору» аттуу ишине ыйгарылат.

 

Жарыштын жыйынтыгы боюнча 3-орунду жеңип   

Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктарга «Акыл Тирек»

наамына ээ болгон инсандар

Байге: ар бирине 50 000 (элүү миң) сом акчалай сыйлык-сертификат, «Акыл Тирек» кубогу, «Акыл Тирек» китеби, «Акыл Тирек»  диплому.

1

Мусакожоев Шайлообек Мусакожоевич

Кыргыз экономикалык университетине караштуу Инновациялык экономика илим-изилдөө институтунун бөлүм башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти. «Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүнү бузуунун экономикага тийгизген тетири таасирлерин жоюу концепциясы» аттуу илимий ишине ыйгарылат.

2

Усольцев Валерий Анатольевич

«Мудрость» жоопкерчилиги чектелген коомунун «САКыр» долбоорунун илимий жетекчиси. Мамлекеттик институттарынын жана донордук жамаатынын коомдогу ишмерлигинин бардык түрлөрүн шайкеш келтирүү жана жаратылыш менен өз ара шайкештелген Кыргызстанды куруу идеяларына негизделген «Кыргызстанды модернизациялоонун концептуалдык негиздери» аттуу илимий ишине ыйгарылат.

3

Атышов Көбөгөн Атышович

Кыргыз экономикалык университетинин илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору. Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын экономикалык жактан баалоо, чарба комплекстерине натыйжалуу пайдалануу, туризм комплексин өнүктүрүү максатын көздөгөн «Кыргызстандын туризм бизнесинин маселелери» аттуу илимий ишине ыйгарылат.

4

Молдосанова Гульмайрам Болотовна

Бишкек гуманитардык университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн  башкы адиси. Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө, өсүүсүнө, ааламдашуу процессинде өзүнүн ордун табууга, дүйнөдөгү алдыңкы мамлеккеттердин катарына кирүүсүнө көмөктөшүү максатында жарышка тапшырылган «Ноосфералык билим берүү - коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн фундаменти» аттуу ишине ыйгарылат.

5           

Рысбеков Айдарбек Шайыкович

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жол кыймылын уюштуруу кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу. Адам баласынын эң кымбат баалуу болгон өмүрүн бөөдө кырсыктан алдын алуу үчүн кызмат кылган жол кыймылын уюштуруудагы техникалык каражат болуп берет деген ниетте сунуштаган «Электрондук табло-А» аттуу ишине ыйгарылат.

6           

Майчинова Гульзат Темербековна

Бишкек гуманитардык университетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, менеджмент жана экология факультетинин окутуучусу. Борбордук Азия бизнесин изилдөө борборунун директору, Питтсбург мамлекеттик университетинин профессору Чунг Янг Ли менен биргеликте жазылган «Өткөөл мезгил экономикасындагы  бизнес чөйрө  жана  Кыргызстандагы бизнестин өнүгүшүнө тийгизген таасири: анализ жана рекомендациялар» аттуу илимий ишине ыйгарылат.

 

Жарыштын жыйынтыгы боюнча кызыктыруучу сыйлыккка татып   

Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктарга «Акыл Тирек»

наамына ээ болгон инсандар

Байге: Планшет, «Акыл Тирек» китеби, «Акыл Тирек»  диплому.

1

Мусаева Джаркинай Асановна.

Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин экономика кафедрасынын башчысы, экономика илиминин доктору, профессор. «Экономикалык реформалардын азиялык модели жана анын өнүгүү траекториялары» аттуу изилдөө ишине ыйгарылат.

2

Аскарбекова Мээрим Жанболотовна.

«Сенти» каржылык компаниясынын аткаруучу директору. Нелли Яковлевна Симонова менен биргеликте жазылган «Элдин инвестициялык активдүүлүгүн жана каржылык сабаттуулугун  көтөрүү программасы» аттуу ишине ыйгарылат.

3

Айдаралиев Асылбек Акматбекович.

Улуттук илимдер академиясынын академиги, «Кыргызстан Эл аралык университети» окуу-илимий өндүрүштүк комплексинин камкорлор кеңешинин төрагасы. «Жергиликтүү сырьелук каражаттардан биотопливаны өндүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу» аттуу ишине ыйгарылат.

4

Алымкулова Алина Сапарбековна. 

Кыргыз улуттук университетинин Экономика жана финансы институтунун дүйнөлүк экономика жана эл аралык бизнес кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент. Исмаилахунова Алия Мухаммедовна жана Акматалиев Темирбек Асанбекович менен биргеликте жазылган «Дүйнөлүк финансылык кризиси: карама-каршылыктардын тереңдөөсүбү же жаңы мүмкүнчүлүктөрүбү?» аттуу ишине ыйгарылат.

5

Жумагулов Султан. Журналист. Дүйнөлүк тажрыйбага таянуу менен өлкөбүздөгү телеканалдардын саясий, каржылык жана редакциялык көз карандысыздыгын камсыз кылуу жолдору жана ыкмалары сунуштаган «Маалымат коопсуздугу жана маалымат саясаты» аттуу ишине ыйгарылат.

6

Оморов Туратбек Оморович. Улуттук илимдер академиясынын илимий-билим берүү программалар борборунун директору, техникалык илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти. «Кыргыз Республикасынын электр бөлүштүрүү тармактарындагы энергияны колдонуу процесстеринин эсеп-кысап, көзөмөлдөө жана башкаруу системасын  модернизациялоо» аттуу ишине ыйгарылат.

7           

Рыскулбеков Анвар Мусаевич. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бөлүм башчысынын орун басары. «Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды реформалоо» аттуу ишине ыйгарылат.

8           

Исаев Кусеин Исаевич. Кыргызстан социологиялык ассоциациясынын президенти, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин социология бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор Сыргабаев Самар  менен биргеликте жазылган «Кыргыз Республикасы: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу ишине ыйгарылат.

9           

Пиримбаев Жусуп Жунусбаевич. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, экономика кафедрасынын башчысы. Ганиев Жунус Машрапович менен биргеликте жазылган «Инфляция менен күрөшүү» аттуу ишине ыйгарылат.

10         

Асиев Абай  Турусбекович. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Аралыкта окутуу жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директорунун орун басары, техника илимдеринин кандидаты, доцент. Аскарбеков Руслан Нуркожоевич жана Кудакеева Гулида Маданбековна менен биргеликте жазылган « Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин атынан Инновациялык техникалык борборлорду түзүү» аттуу ишине ыйгарылат.

11         

Исмаилбеков Эркинбек.

«Kazakhmys Gold Kyrgyzstan» компаниясынын инспектор-механиги.  «ДВС-генератор» кыймылдаткычын жасап чыгаруу, өлкөбүздө конструктордук-технологиялык топ түзүү идеяларына негизделген «Машиналардын түзүлүшүн жана механизмдерди жөнөкөйлөтүү идеясы»  аттуу ишине ыйгарылат.

12         

Абдрасилов  Гани Калиевич. Көз карандысыз эксперт, Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси. «Жер-Үй» алтын кени – Талас экономикасынын потенциалдык лидери» аттуу ишине ыйгарылат.

 

Прогрессивдүү демилгелер фондунун атайын сыйлыгына ээ болгон инсандар:

1.      Назаралиев Жеңишбек – ноутбук, «Акыл Тирек» китеби, «Акыл Тирек»  диплому.

2.      Мусабаев Мурат – ноутбук, «Акыл Тирек» китеби, «Акыл Тирек»  диплому.

3.      Нуркулов Кыргызбай – планшет, «Акыл Тирек» китеби, «Акыл Тирек»  диплому.

4.      Мурзаев Машрап – планшет, «Акыл Тирек» китеби, «Акыл Тирек»  диплому.

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо