Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Интернат-мектебине спонсордук жардам көрсөтүү

2014-жылдын 17-июнунда «Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун» башкы мүдүрү жана Фонддун кызматчылары, ошондой эле И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тарбия жагынан проректору Белекова Гульмира Шаршенбаева менен биргеликте Москва районунун Чуй областындагы Петровка интернат-мектебине барып келишти.

Бул сапардын негизги максаты интернаттын айланасында дарбаза орнотууга спонсордук жардам көрсөтүү боюнча меморандумга кол коюу, официалдуу түрдө ноябрь айына чейин курула турган дарбазага керектүү 50 миң сом акчалай каражат тапшыруу, мындан сырткары керектүү кийимдерди жеткирүү (жылуу кийимдер, бут кийимдер, концелярдык буюмдар, оюнчуктар ж.б. керектүү үй-тиричилигинин буюмдары) болуп саналат.

Петровка интернат-мектебинде баардык областардан келген 120 аң-сезими оорулуу жетилген бала окуйт.

Анын ичинде 22 томолой жетимдер, 54 атасы же энеси жок жетимдер, калгандары жакыр жана аз камсыз болгон  үй-бүлөөлөрдөн. Бул интернат балдар үчүн билим, камкордук, жакшы тарбия жана мамиле көрсөткөн жалгыз мекеме болуп саналат. Эң негизгиси бул жерден социалдык реабилитациядан өтүшөт.

Интернатта 1чи класстан 8чи класска чейинки, башкача айтканда, 7-16 жаштагы балдар билим алышат. Билим берүү жардамчы мектептердин программасы боюнча жүргүзүлөт. Балдар математика, кыргыз жана орус тилдери, тарых, музыка жана башка ушул сыяктуу атайын предметтерди алышат. Билим берүү процессинде эң негизги басым эмгекке үйрөтүүгө жасалат бул башкы класстар үчүн эмгек боюнча сабактары, швеялык, темир усталык, жыгач усталык жумуштары  ж.б.

Балдар өздөрүнүн келечектеги жашоосунда колдоно турган теориялык жана практикалык билимдерди алышат. Бул иштердин баарын тажрыйбалуу мугалимдер алып барат, алар аномалиялык балдар менен иштегенде ар кандай методикаларды колдонушат.

Окуу жыл бою балдар интернат-мектепте болушат, аларды ак көңүл, кайрымдуу мугалимдер жана тарбиячылар карашат.

Мектептеги окуучулардын жашоосунун жана ден солугунун сактыгы боюнча жумуштар жүрөт, буга карата жыл сайын терең медициналык текшерүүлөр өтөт, алардын жыйынтыктарынын баары мектептеги медиктердин көзөмөлүндө. Балдарды 90% коштогон диагноздор: энурез, эпилепция, жүрөк оору, бөйрөк сезгенүү, начар көрүү, сколиоз ж.б. Медицмналык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча 83 бала “Диспансер учетунда” турат. Ден соолукту чындоо максатында ар дайым аны жакшыртуучу иш-чаралар өткөрүлүп турат (ритм менен жасалган гимнастика, спорт кружоктору ж.б).

Интернат-мектеби балдарды 1971, 1990 жылы чыгарылган атайын программа менен окутуп тарбиялайт. Балдар 1970-1990-жж алынган китептер менен окушат. Китептер аябай эски,  ошондуктан китептерди дайма ремонттогонго туура келет, анткени жаңы китептер менен балдарды камсыз кылууга шарттар жетишсиз.  

Мектепте ар кандай кружоктор өкөрүлүп турат: “Жумшак оюнчук”, “Көркөм өнөрү”, өтүкчүлүк, музыкалдуу кружок, спорт секциясы. Балдар абдан кызыгуу менен ал кружокторго барышат.

Тарбиячылардын индивидуалдык планы боюнча күндүн экинчи жарымында балдар дайыма экскурсияларга чыгышат (почтага, дүкөндөргө, участокко караштуу доктурканага), балдар ал жакта жеткиликтүү түрдө алардын иш-аракеттери менен танышып алышат.  Мындан тышкары балдар эс алууга чыгып табият менен танышышат, ал жакта колго жасалма иштери үчүн керектүү материалдырды чогултуп алышат кийин алардын колго жасалган иштери көрсөтүүлөргө коюлат. 

Ошондуктан, Урматтуу окурман, Сизге кайрылабыз...Ар бири биздин кереги жок, анчалык маанилүү эмес ески кийимдер, оюнчуктар жана башка үй-тиричилигинин буюмдары үйүбүздө бардыр,а бирок алардын баары Петровка интернат-мектебиндеги балдардын күнүмдүк колдонуусуна пайдасы тийет.

Эгерде, ошондой буйумдарынызды интернат –мектебинин балдарына жөнөткүңүз келсе, ушул дареке кайрылууңузду суранабыз:

Бишкек шаары,

Раззаков атындагы КМТУ,

Манас 66А, жаштар иши боюнча комитети, 2 кабат,

ушул телефонго кайрылсаңыз болот – 0312 548753.

      

 

P.S.  

Бүгүнкү күндө интернат-мектеби татаал кыйынчылыктар менен болууда:

- Эски топурак дарбазаны бузуп, жаңы дарбаза куруу керек

- Спортинвентарлар жетишсиздиги (спорт маттар, волейбол, футбол, баскетбол топтору,  волейбол сеткалары, шашкилер, шахматтар тренажерлор ж.б)

- Адабият китептеринин өтө жетишсиздиги, жыл сайын ондоо жүргүзүлгөн күндөрдө деле, китептери эскирген, айрылган. Балдар адабиятынын жетишсиздиги, жомоктор, ар кандай ачык түстөгү китептердин ж.б. китептердин жоктугу.;

- Балдары өнүктүрө турган оюнчуктар өтө аз (конструкторлор, пазлдар, леголор) 

- Концеляриялык буюмдар (калем, дептер, альбомдор, жазуучу барактар ж.б.)

- Жууп-тазалоочу каражаттар (кийим жууган айна, идиш аяк жууган айна, тазалай турган каражаттар)

- Идиш-аяк маселеси (Чон кострюль (алюмин) 50-60л, чайнек, чакалар, кружкалар, чынылар ж.б.)

- Төшөк-орундары (шейшеп, журкан ж.б. алмаштырууга мүмкүнчүлүк жок)

 

  Проекттин долбоор менеджери: Турсуналиева Нуржан

 

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо