«Агрардык инновациялык технологиялар борбору» мекемесинин ачылышы.
2014-жылдын 9-июлунда саат 13:00 дө «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун негиздөөчүсү Салымбеков А.М., фонддун башкы мүдүрү Жумадилов А.Ж. жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин администрациясынын өкүлдөрү менен жолугуушу болуп өттү.
2014-жылдын 9-июлунда саат 13:00дө «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун негиздөөчүсү Салымбеков А.М., фонддун башкы мүдүрү Жумадилов А.Ж. жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин администрациясынын өкүлдөрү: ректору Нургазиев Рысбек Жумадиевич; ректордун жардамчысы Играшев Алмаз Шукурбаевич, илим боюнча ректордун жардамчысы Чортонбаев Тыргоот Жумадиевич, тарбия берүү жана эне тилин өркүндөтүү боюнча ректордун жардамчысы Батаканова Светлана Топчиевна, КУАУнун агроном факультетинин деканы Карабаев Нурудин Абылаевич, КУАУнун Инженер- техникалык факультетинин деканы Темирбеков Жээнбек Темирбекович, «Агрардык инновациялык технологиялар борбору» директору Касымбеков Рыскул Асангулович жана башка КУАУнун жумушчулары менен жолугуушу болуп өттү.
Жолугушуунун программасы КУАУнын башкы корпусун кыдыруу, Ч.Айтматов атындагы музейди, эл аралык кызматташуу бөлүмүн, университеттин китепканасын жана музейин, актовый залын көрүүдөн башталды.
Программанын аягында «Агрардык инновациялык технологиялар борбору» мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи каралган, андыктан негиздөөчүлөрү болуп К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» сынагынын 1-орундун жеңүүчүсү Касымбеков Рыскул Асангулович.
Салтанаттуу ачылыш аземинде биринчилерден болуп КУАУнын ректору Нургазиев Р.З. өз сөзүн айтып, университеттин иш аракети тууралуу, анын агрардык бөлүгүндө маанилүү ролу жана «Агрардык инновациалык технологиясынын борбору» жөнүндө толук маалымат берди.
(«Агрардык инновациялык технологиялар борбору» мекемесини, практикалык кооперативдик илим, билим жана агрардык сектордогу өндүрүшкө жардам берүү максатында жаралган. Борбордун негизги багыты болуп илимий иштерди коммерциялаштыруу, б.а. илимий изилдөөлөрдү жыйынтыгын өндүрүшкө киргизүү; чет өлкөлүк перспективдүү агрардык техноглогияларды республикабызга алып келүү жана агрардык бөлүмгө жаңычыл маалымат-аналитикалык борборун жаратуу).
Андан кийин Салымбеков А.М. чыгып Кыргызстандын экономикасына айыл-чарбанын маанилүүлүгүн, Прогрессивдүү Демилгелер Фондусунун республикабыздагы жараандардын алдынкы идеяларын илгерилетүүдөгү ролун, Фонддун аткарган иштерин жана 1-бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» сынагына сунуш кылган Касымбеков Р.Анын агрардык сектордогу көйгөйлөрдү чечүү боюнча ишинин өзгөчөлүгүн белгилеп өттү.
Аны менен бирге, Салымбеков А.М. агрардык секторду колдоо максатында Талас облусуна тамчы аркылуу сугаруу жаңы технологиясын киргизүү боюнча иш жүргүзөөрүн, областтарга фасольду айдоону таратуу жана айыл чарбанын өнүгүүшүнө алдынкы агрардык технологиялардын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
Сөзүнүн аягын мекеменин ишине ийгилик каалоо менен бирге, Кыргыз улуттук агрардык университети менен кызматташууга даяр экендигин айтып өттү.
Добавить комментарий