Тегерек столдордун жыйынтыгында Жумушчу топтор түзүлдү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын Идеялык картасы» долбоорунун алкагында «Акыл Кубаты» программасы ишке киргизилип, www.fpi.kg сайтында төмөнкү үч тема талкууга киргизилген:
Тегерек столдордун жыйынтыгында Жумушчу топтор түзүлдү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын Идеялык картасы» долбоорунун алкагында «Акыл Кубаты» программасы ишке киргизилип, www.fpi.kg сайтында төмөнкү үч тема талкууга киргизилген:
• «Кыргыз Республикасын интеграциялык процесстерге тартуу платформасы (Бажы союзу)»
• «Кыргыз Республикасында мамлекет жана жеке ишкердик ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы»
• «Коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңип чыгуу жолдорунун граждандык платформасы»
Учурда краудсорсинг-латформадагы бул темалар талкууланып бүткөн. Үч тема боюнча төрт айдын ичинде 200 идея, контр-идея жана сунуштар киргизилген.
Фонд тарабынан «Кой-Таш» конференц-залында май жана июнь айында 2 тегерек стол өткөрүлгөн.
I «Акыл Кубаты» коомдук форуму 2013-жылдын 19-июлунда өткөрүлмөкчү. Форумда Коомдук документтер коомчулукка таанытылып, сунуш жана пикирлер эске алынып, кийинки пландуу кадамдар тууралуу маалыматтар берилмекчи. Сунушталган иш-чараларды ишке ашыруунун механизмдери да такталмакчы. Активдүү краудсорсерлер, эл аралык уюмдар, бизнес жана илим чөйрөсүнөн өкүлдөр катышмакчы. Тегерек столдордун натыйжасында жумушчу топтордун курамы аныкталды. Коомдук Форумда сунуштала турган коомдук документтер боюнча бул жумушчу топтор учурда жигердүү иштеп жатышат. Ар бир жумушчу топтун ар бир мүчөсүнө акчалай колдоолор жана тиешелүү шарттар каралган. Керектүү учурларда Жумушчу топтун чечими менен тиешелүү маселелер боюнча тиешелүү эксперттер чакырылып турулат. Алардын тажрыйбасы жана баалуу маалыматтары коомдук документтерди иштеп чыгууда абдан маанилүү болуп саналат.
Форумдун жыйынтыгы боюнча коомдук документтерди ишке ашырууга жана жумушчу топту андан ары колдоого бардык аракеттер жасала бермекчи.
Фонд жумушчу топтор тарабынан түзүлгөн коомдук документтер коом тарабынан бааланып, бийлик өкүлдөрү тарабынан көзгө алынат жана коомчулук үчүн колдонулат деп ишенет.
Добавить комментарий