АКШдагы Питтсбург университетинин Профессору Чунг Янг Ли Бишкекте лекция өттү.
“Кыргызстандын Идеялык Картасы” долбоорунун чегинде, Прогрессивдүү Демилгелер Фонду президент Н. Назарбаевдин мамлекеттик долбоорлор боюнча консультантын, Питтсбург университетинин профессорун доктор Чунг Янг Ли “Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү стратегиясы” атту лекциясын өткөрүү үчүн чакырды.
АКШдагы Питтсбург университетинин Профессору Чунг Янг Ли Бишкекте лекция өттү.
“Кыргызстандын Идеялык Картасы” долбоорунун чегинде, Прогрессивдүү Демилгелер Фонду президент Н. Назарбаевдин мамлекеттик долбоорлор боюнча консультантын, Питтсбург университетинин профессорун доктор Чунг Янг Ли “Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү стратегиясы” атту лекциясын өткөрүү үчүн чакырды. Доктор Ли дүйнөдөгү көп университеттердин ардактуу профессору, түрдүү асосиациялардын, институттардын мүчөсү болуп эсептелет. Ал жогорку билимди бизнес иштетүү тармагында Сеул Мамлекеттик Университетинде алып, магистрдик билимин индустриялуу жана иштетүү, турмушта колдонулуучу математика, бизнес жүргүзүү тармактарында Айова штатынын университетинде алган.
Анын изилдөө тармактарына стратегиялык операциялар, JIT/TQM жөндөмдүү процесстерди иштетүү, технологиялык жана эл аралык башкаруу кирет. Доктор Ли 60тан артык журналдык макалалардын автору.
Андан башка, Чунг Янг Ли эл аралык программаларды жана долбоорлорду, мүдүр, консультант, программа иштетүүчү, кеңешчи катары ар кайсы өлкөдө (АКШ, Корея, Кытай, Бразилия, Франция, Уругвай, Орто Азия ж.б.) иштеп чыгууда чоң тажрыйбасы бар. Ал жогорку билимдин сапат - менеджментти, экономикалык жана стратегиялык өнүгүү, эл аралык бизнес, операцияларды башкаруу тармактарында тренер, эксперт жана консультант катары иштетүүдө чоң тажрыйбасы бар.
Элге окулган лекциясы 14 июньда 2013 жылы Кыргыз - Түрк Манас университетинде ишке ашты. Лекцияга министрликтердин, мамлекеттик аппаратынын, эл аралык уюмдардын, Жогорку окуу жайлардын, финансылык мекемелердин жана илимий тармактардын өкүлдөрү чакырылды. Жалпы 160 катышуучу чогулду.
М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде Чунг Янг Ли жана ар кайсы уюмдарынын башкаруучулары, университеттин мугалимдери, студенттери менен жолугуушу уюштурулду. Анын ичинде саясий, экономикалык жана социалдык мүнөзүндөгү суроолорго жооп табылды.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду профессордун чыгуусу абдан пайдалуу жана мазмундуу болгонун белгилеп кетүүдө. Анын ичинде мамлекеттин саясий, социалдык тармактарында стратегиялык өнүгүүнүн элеси, өлкөнүн реалдуу көйгөйлөрдүн чечүүлөрү, башка мамлекеттердин ийгиликтүү өсүш үлгүлөрү көрсөтүлдү. Докладда биздин мамлекеттин өнүгүү боюнча ишке ийкемдүү сунуштар берилди.
Добавить комментарий