Бажы Союзуна кирүү маселеси боюнча Жумушчу тобунун ачык отуруму
2013-жылдын 12-июлунда саат 16.00дө Бажы Союзуна кирүү боюнча Жумушчу тобунун ачык отуруму болду. Ал отурум Кыргыз Республиканын экономика министрлигинин, Кыргыз Республиканын Улуттук банкынын, Транспорт жана байланыш министрлигинин, Кыргыз Республиканын тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республиканын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Кыргыз Республиканын Улуттук Стратегиялык Изилдөөлөр Институтунун, Күүйүүчү май сатуучулардын Ассоциациянын, «Союз Текстиль» ассоциациянын,
2013-жылдын 12 июлда Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун Бажы Союзуна кирүү маселеси боюнча Жумушчу тобунун ачык отуруму өттү.
2013-жылдын 12-июлунда саат 16.00дө Бажы Союзуна кирүү боюнча Жумушчу тобунун ачык отуруму болду. Ал отурум Кыргыз Республиканын экономика министрлигинин, Кыргыз Республиканын Улуттук банкынын, Транспорт жана байланыш министрлигинин, Кыргыз Республиканын тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республиканын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Кыргыз Республиканын Улуттук Стратегиялык Изилдөөлөр Институтунун, Күүйүүчү май сатуучулардын Ассоциациянын, «Союз Текстиль» ассоциациянын, Жүк ташуучулардын ассоциациянын, Бажы брокерлердин Ассоциациянын, «Полис Азия» аналитикалык борборунун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
Күн тартипте төмөнкүлөр каралган: 1) «Кыргыз Республикасын интеграциялык процесстерге тартуу платформасы (Бажы союзу)» Коомдук документтин эскизин катышуучуларга таанытуу; 2) Коомдук документтин презентациясы боюнча эсперттик ой алуу.
Бул отурумда биринчи жолу жогорудагы Коомдук документ көргөзүлгөн. Ал Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун Жумушчу тобу аркылуу министрликтердин жана граждандык коомдун өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн.
Жолугууну Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы директору Амангелди Жумадилов ачты. Өзүнүн чыгып сүйлөгөнүндө Коомдук документин Жумушчу тобу иштеп чыкканын эскертти. Жумушчу топтун мүчөлөрү булмаселенин негизги проблемаларын ачып, краудсорсинг платформада чогултулган жана эксперттик чөйрөнүн, ар кандай тармактардын ассоциациялардын өкүлдөрүнүн, адистердин жана министрликтердин өкүлдөрүнүн рекомендацияларын көрсөткөн. Андан тышкары, Амангелди Жумадилов 2013-жылдын 19-июлда Биринчи Коомдук Форумунда мамлекетке Коомдук документтердин акыркы варианттары көргөзүлмөкчү. Ал документтер 3 тема боюнча Фонддун Жумушчу топтору тарабынан жазылган. Биринчи Коомдук Форумга мамлекеттик мекемелердин, граждандык сектордун, илимий, эксперттик жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылат.
Андан кийин Жумушчу топтун өкүлү Камалбек Карымшаков жолугуунун максатын айтып кетти. Ал Коомдук Документтерди сунуш кылуу, сыноого көрсөтүү, жүргүзүлгөн иш боюнча рекомендацияларды алуу жана алардын негизинде Коомдук документтердин акыркы версиясын Форумга көргөзгөнгө иштеп бүтүү.
Бул Жумушчу топтун башчысы, Мусаева Жаркынай Асановна, экономика илимдеринин доктору, Ататюрк-Алатоо университетинин профессору, презентация кылды. Өзүнүн сөзүндө бардык аткарылган жумуш ал өзүнүн жеке көз карашын же Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн көз-карашын көрсөтпөгөнүн эскертти. Бул эмгекте Жумушчу топтун бардык мүчөлөрү коомдук ой-пикирди көрсөткөнгө аракет кылышты. Андан тышкары, эгерде жогору турган органдар Бажы Союзга кирүү чечим кабыл алышса, топтун бардык мүчөлөрү өзүнүн рекомендацияларын жана андан аркы аракеттердин планын көргөзүшкөн.
Презентациянын башында Мусаева бардык интеграциялык байланыштардын туруктуу өнүгүүсүнүн зарылдыгын белгиледи. Алардын ичинде Борбор Азиянын өлкөлөрү, Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлөрү жана Бажы Союзунун өлкөлөрү менен байланыштарын өнүктүрүү. Андан соң, Мусаева Кыргыз Республикасынын киргендеги же кирбегендеги негизги пайдаларды жана жоготууларды атап чыкты. Кыргыз Республикасынын экономикасынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу программада көрсөтүлдү. Анын айтымы боюнча, бул программа ишке ашса, өндүрүп чыгарылган продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болот, башка өлкөлөргө экспортту көбөйтүүгө жана жаңы жумуш оорундарды жаратууга болот. Топтун башчысы негизги маселелерди атап чыкты. Алардын ичинде жергиликтүү ишкерлерге адрестик жана айкын мамлекеттик колдоо кылуу, чет элдик инвесторлорду тартканга шарттарды түзүү, стандарттарга алып келүү жана продукцияны сертификациялоого нормативдик-укуктук акттарды даярдоо, стандарттарга алып келүү жана продукцияны сертификациялоо лабораториялардын ишине мамлектеттик колдоо кылуу, азыркы замандагы кадрларды даярдоого шарттарды түзүү. Атаандаштык жөндөмдүүлүгун жогорулатуу боюнча коомдук-мамлекеттик борбордун түзүү идеясы жана максатын түшүндүрүлүп берилген, бул борбордун иш принциптери айтылып кеткен. Кеңештен түзүлгөн борбор техникалык экспертиза жана долбоордук ишти жүргүзүш керек болот, өлкөнүн экономикасынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча маселелерди аныкташ керек болот. Борбордук кеңеши бизнес, илим, мамлекеттик кызмат өкүлдөрүнөн түзүлгөнгө зарыл жана өз эрки менен иштелген болуш керек.
Топтун башчысы бул борбордун төмөнкү долбоорлордун идеясын жана иштөөнүн керектигин түшүндүрүп кетти. Ал долбоорлор: «Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо», «Жаңы технологиялар», «Инновациянын негизинде өнүгүү», «Продукцияны сертификациялоо жана стандарттарга алып келүү боюнча нормативдик-укуктук акттарды даярдоо», «Жаш адистер», «Жаңы кадрлар», «Кыргызстан – менин экинчи үйүм», «Продукцияны сертификациялоо жана стандарттарга алып келүү боюнча ишканалардын ишин колдоо», «Иштеп чыгаруу ишканалардын ишин колдоо».
Мусаева өзүнүн сөзүнүн аягында Жумушчу топтун иштеп чыгарган негизги рекомендацияларды атап чыкты. Ал рекомендацияларды Бажы Союзуна кирген убакытта өкмөт жана мамлекет эске алууга зарыл.
Презентациянын аягында чакырылган эксперттер жана адистер Жумушчу топ жасаган иши боюнча баасын беришти жана бул суроо боюнча карама-каршы көз-караштар айтылып кетти. Андан тышкары, Фонддун иши боюнча көптөгөн сунуштар жана рекомендациялар айтылды. Көпчүлүк коомду жана калкты проблемалар жана маселелер боюнча маалымдаган ушундай жолугуштардын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул маселелерди чечкенке жолдорду иштеп чыгууга жана өкмөткө алга жылууга жардам бериш керек. Өзүнүн кезегинде министрликтердин өкүлдөрү Фонддун коомдук тобунун иши тууралуу көз-карашын билдиришти. Алар коом тарабынан айтылган сунуштарга жана рекомендацияларга дайым ачык болгонун айтып кетишти.
Өзүнүн кезегинде Фонд Жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнө жана отурумдун конокторуна алардын активдүү катышуусуна ыраазычылыгын билдирет. Бардык сунуштар жана рекомендацияларды топ Коомдук документти бүтүргөндө эске алат. Толукталган коомдук документ 19-июлда Коомдук форумда көргөзүлөт.
Добавить комментарий