Таш-Кѳмүр шаарынын жаштарына акысыз тренингтер берилди
9-апрель күнү жогоруда аталган тренингдерди ийигиликтүү аяктаган катышуучуларга салтанаттуу түрдѳ сертификаттар тапшырылды
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 3 жылдан бери жүргүзүп келген аймактардагы жаштарга акысыз тренинг берүү кербенин Жалал-Абад областында улантты. «Агартуу Лигасы» делген бул долбоордун иш чарасы 4-9 апрель аралыгын камтып, аны «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрү ийгиликтүү ишке ашырды. Долбоордун алкагында Таш-Кѳмүр шаарынын мектеп окуучуларына «Оратордук чеберчилик», «Финансылык сабаттуулук», «Убакытты туура пайдалануу», «Тимбилдинг» жана «Профориентация» багыттары боюнча 1 жумалык атайын акысыз тренингдер берилди. Тренингке №12, №4, №14-мектептин 8-9-10-11-классынын окуучулары жана мектеп мугалимдери да катышып, жалпысынан 200дѳй катышуучу болду. Катышуучулар буга чейин мындай мотивациялык тренингдер ѳтүлбѳгѳнүн айтышып, ар бир тренингке кызыгуу менен катышып, жаш тренерлерден кɵптɵгɵн керектүү маалымат ала алгандыктарын кубануу менен билдиришти.
Ал эми 9-апрель күнү жогоруда аталган тренингдерди ийигиликтүү аяктаган катышуучуларга салтанаттуу түрдѳ сертификаттар тапшырылды. Салтанатты уюштурууга кɵмɵк кɵргɵзгɵн Нуржан Керимбековна ачып, Прогрессивдүү Демилгелер Фондуна жана жаш тренерлерге ыраазычылыгын билдирип ɵттү. Андан соң сѳз фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадиловго берилди. Амангелди Жумадилов ѳз сѳзүндѳ атаандаштык күчɵгɵн 21-кылымда мындай долбоорлор жаштар үчүн ѳтѳ маанилүү экенин жана 3 жылдан бери 8000 ден ашуун жаштар бул долбоор аркылуу акысыз тренингтерге ээ болгонун айтып, катышуучуларга ийгилик каалап ɵттү.
Соңунда ар бир катышуучуларга сертификаттар, ал эми долбоорго колдоо кѳрсѳткѳн мектеп директорлоруна жана жаш тренерлерге ыраазычылык баракчасын тапшырылды.
Фонд Таш-Кѳмүр шаарынын жаштарына коомдук мектептен алган билимдерин бѳлүшүп келген бүтүрүүчүлѳргѳ: Тоня Жантаевага (демилгечи жана жаш тренер), Айгүл Кылычакуновага (жаш тренер), Салкынай Омурзаковага (жаш тренер) ыраазычылык билдирип, окууларына ийгилик каалайт.
Добавить комментарий