Заматта эле окуубуздун 2-айына кадам таштадык
Заматта эле окуубуздун 2-айына кадам таштадык. Бул айыбыздын программасында экономика, бизнес багытындагы лекциялар, тренингдер жана экскурсиялар каралган.
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун коомдук мектебинде билим алып жаткандыгыбызга 1,5 ай болсо да, кечээ эле босогосун аттагансыйбыз. Анткени, бүгүнкү өткөн сабактарыбыз кечээкиге окшошпосо, эртеңкибиз бүгүнкүдөн айырмаланып турду. Ар бир лекциябыз биринен бири артып ары кызыктуу, ары пайдалуу жана көптѳгѳн жаңылыктарды тартуулады. Ошондон улам да убакыт телепорт сымал сызып кеткенсиди. Заматта эле окуубуздун 2-айына кадам таштадык. Бул айыбыздын программасында экономика, бизнес багытындагы лекциялар, тренингдер жана экскурсиялар каралган. Анын сыңары, адегенде эле Чыныбаева Айжан эжебиздин «Биринчиден өзүңдү өзгөртсөң, андан соң дүйнөнү өзгөртө аласың» аттуу тренингинен баштадык. Чындыгында эле өтүлгөн сабак ар бир отурган лидерге дем берип, аты айтып тургандай жакшы тарапка өзгөрүүбүзгө салым кошту деп айтсак жаңылышпайбыз. Ал гана эмес, бизнес жасоонун ыкмалары жана сырлары менен да тааныштык. «Чыныгы лидер маркетинг жөнүндө эмне билиш керек?» аттуу тренингде Зотов Артур агайыбыз маркетинг тууралуу биз билбеген арбын түшүнүктөрдү үйрөттү. Азыркы жаштар үчүн, болочок лидерлер үчүн эң эле маанилүү нерселердин бири - эл аралык каржы системасы тууралуу Мусабаев Мурат агайыбыз сабак өттү. Ал сабактан улуттук банктын иштөө системасы, салык саясаты, тарифтик саясат жана башка темалар боюнча билим алдык. Жогорку эффективдүү менеджерлердин тажрыйбалары менен да тренингдерден бөлүштүк. Ийгиликке жетүү үчүн лидерге керек болгон кеңештерди дал ушул мыкты адистерден видео ролик аркылуу ала алдык. Өткөн жуманын эң негизги окуясы - фондубуздун бардык жаштары жана «Эмгек» партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү болуп биргеликте апрель баатырларынын жаркын элесине куран окудук. Элибиздин, мекенибздин, келечеги үчүн, өлкөбүздө адилеттик, чындык өкүм сүрсүн деп жан берген эрлерибиз унутулбашы керек. «Ата-Бейит» жергесинде курман болгон кыргыз жигиттеринин эстеликтери дагы деле көз алдыбызда калды.
Бул жума да кызыктуу сабактар менен башталды. Аптанын башында ЖИАнын аткаруучу директору Руслан Акматбек агайыбыз менен кезигип, актуалдуу темаларды талкууга алдык. Ошентип жума күнү да келип, биз жамаатыбыз менен «Аюу» компаниясы тууралуу маалымат алууга экскурсияга аттандык. Компаниянын иш заводуна кире электе эле, босогосунан алтын өңдүү чыныгы аюу сымал эстеликке туш болдук. Андан соң бизди компниянын менеджери тосуп алып, көп маалымат менен камсыз кылды. Ишкананын ичине киргенде аппараттардын иштөө механизмине күбө болдук. Кызыктырган суроолорубузга техника жаатына жоопту болгон агайдан жооп ала алдык. Ал гана эмес «Artezian» суусундук чыгаруучу заводуна да конок болдук. Суусундуктардын даярдоо ыкмасы менен таанышып, ооз тийип да көрдүк. Экскурсиябыз аяктаган соң, эртеси эле күнү шаарыбыздын парктарынын бирине ишембиликке чыгып, кичинекей болсо да пайда келтирдик деп ойлойбуз. Ошентип билинбей отуруп, 2 жумабыз да бат эле өтүп кеткенсиди.
Айжамал Камбаралы кызы,
коомдук мектептин студенти
Добавить комментарий