Наверх
  • 0 (312) 620921

Новости

Заматта эле окуубуздун 2-айына кадам таштадык

Заматта эле окуубуздун 2-айына кадам таштадык. Бул айыбыздын программасында экономика, бизнес багытындагы лекциялар, тренингдер жана экскурсиялар каралган.

«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун коомдук мектебинде билим алып жаткандыгыбызга 1,5 ай болсо да, кечээ эле босогосун аттагансыйбыз. Анткени, бүгүнкү өткөн сабактарыбыз кечээкиге окшошпосо, эртеңкибиз бүгүнкүдөн айырмаланып турду. Ар бир лекциябыз биринен бири артып ары кызыктуу, ары пайдалуу жана көптѳгѳн жаңылыктарды тартуулады. Ошондон улам да убакыт телепорт сымал сызып кеткенсиди. Заматта эле окуубуздун 2-айына кадам таштадык. Бул айыбыздын программасында экономика, бизнес багытындагы лекциялар, тренингдер жана экскурсиялар каралган. Анын сыңары, адегенде эле Чыныбаева Айжан эжебиздин «Биринчиден өзүңдү өзгөртсөң, андан соң дүйнөнү өзгөртө аласың» аттуу тренингинен баштадык. Чындыгында эле өтүлгөн сабак ар бир отурган лидерге дем берип, аты айтып тургандай жакшы тарапка өзгөрүүбүзгө салым кошту деп айтсак жаңылышпайбыз. Ал гана эмес, бизнес жасоонун ыкмалары жана сырлары менен да тааныштык. «Чыныгы лидер маркетинг жөнүндө эмне билиш керек?» аттуу тренингде Зотов Артур агайыбыз маркетинг тууралуу биз билбеген арбын түшүнүктөрдү үйрөттү. Азыркы жаштар үчүн, болочок лидерлер үчүн эң эле маанилүү нерселердин бири - эл аралык каржы системасы тууралуу Мусабаев Мурат агайыбыз сабак өттү. Ал сабактан улуттук банктын иштөө системасы, салык саясаты, тарифтик саясат жана башка темалар боюнча билим алдык. Жогорку эффективдүү менеджерлердин тажрыйбалары менен да тренингдерден бөлүштүк. Ийгиликке жетүү үчүн лидерге керек болгон кеңештерди дал ушул мыкты адистерден видео ролик аркылуу ала алдык. Өткөн жуманын эң негизги окуясы - фондубуздун бардык жаштары жана «Эмгек» партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү болуп биргеликте апрель баатырларынын жаркын элесине куран окудук. Элибиздин, мекенибздин, келечеги үчүн, өлкөбүздө адилеттик, чындык өкүм сүрсүн деп жан берген эрлерибиз унутулбашы керек. «Ата-Бейит» жергесинде курман болгон кыргыз жигиттеринин эстеликтери дагы деле көз алдыбызда калды.

Бул жума да кызыктуу сабактар менен башталды. Аптанын башында ЖИАнын аткаруучу директору Руслан Акматбек агайыбыз менен кезигип, актуалдуу темаларды талкууга алдык. Ошентип жума күнү да келип, биз жамаатыбыз менен «Аюу» компаниясы тууралуу маалымат алууга экскурсияга аттандык. Компаниянын иш заводуна кире электе эле, босогосунан алтын өңдүү чыныгы аюу сымал эстеликке туш болдук. Андан соң бизди компниянын менеджери тосуп алып, көп маалымат менен камсыз кылды. Ишкананын ичине киргенде аппараттардын иштөө механизмине күбө болдук. Кызыктырган суроолорубузга техника жаатына жоопту болгон агайдан жооп ала алдык. Ал гана эмес «Artezian» суусундук чыгаруучу заводуна да конок болдук. Суусундуктардын даярдоо ыкмасы менен таанышып, ооз тийип да көрдүк. Экскурсиябыз аяктаган соң, эртеси эле күнү шаарыбыздын парктарынын бирине ишембиликке чыгып, кичинекей болсо да пайда келтирдик деп ойлойбуз. Ошентип билинбей отуруп, 2 жумабыз да бат эле өтүп кеткенсиди.

 

Айжамал Камбараалы кызы,

коомдук мектептин студенти

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Анонсы

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Внимание! Время пришло!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Внимание! Начался третий набор на общественную школу «Молодые лидеры Кыргызстана»

Внимание! Прием заявок на общественную школу «Молодые лидеры Кыргызстана» продлен.

3-игра проекта Кыргызстан моей мечты 25.06.2014 г. начало 18.15

Кыргызстан моей мечты 18.06.2014г на ОТРК в 18.20ч

Тренинг по финансовой грамотности переносится на неопределенный срок

«Коучинг организаций.Организационное консультирование»

Обсуждение предстоящих мероприятий

Внимание! Начался второй набор на общественную школу «Молодые лидеры Кыргызстана»

Второй Всемирный Конкурс Кыргызстанцев «Акыл Тирек»

Отмена субботника 12 апреля

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Внимание! Прием заявок на конкурс Кыргызстан моей мечты продлен

Все анонсы

Патриотизм

нет манкуртизму, безразличности к территориальной целостности страны, языку, истории, культуре и традициям

Созидательность

нет регионализму, радикализму, религиозному фанатизму и национализму

Конструктивность

нет бессмысленному противостоянию и разрушительной конкуренции

Объективность

нет черному пиару, слухам, не проанализированной информации, корыстным целям

Профессионализм

нет дилетантству и мракобесию

Нейтральность

мы против разделения на оппозицию и пропозицию, а готовы сотрудничать со всеми во имя будущего страны

Партнеры

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо