2013–жылдын 21–февралында «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун ачылышы болуп өттү.
2013–жылдын 21–февралында коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков демилгечи болуп, «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун ачылышы болуп өттү. «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун расмий ачылышы Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейинде болду.
2013–жылдын 21–февралында «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун ачылышы болуп өттү.
2013–жылдын 21–февралында коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков демилгечи болуп, «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун ачылышы болуп өттү. «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун расмий ачылышы Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейинде болду. Салтанатка көз каранды эмес эксперттер, илим коомунун өкүлдөрү, мамлекеттик аппарат, бизнес-коому, жаштар уюму жана жаштар кыймылы, ЖОЖдордун ректорлору, жаш окумуштуулар, ММКтар чакырылды. Салтанаттын модератору жаш эксперт Темир Джумакадыров болду.
Тарых музейинин залына эки жүздөн ашык адам толду. Салтанат Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун сөзү менен башталды. Андан кийин Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы директору Амангелди Жумадилов «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорун таанытуу менен чыкты.
Долбоордун таанытуусу катышуучулардын абдан кызыктырды. Таанытуудан кийин чакырылган коноктор фонддун жумушчу тобунун өкүлдөрүнө көптөгөн суроолорун беришти. Фондко көптөгөн сунуштар, каалоолор түштү. Чакырылган коноктордун жана фондун мүчөлөрү ортосунда кызуу талкуу жана пикир алмашуу болду. Көп ойлор айтылып, ар бири сөз айтууга жана суроо берүүгө аракет кылышты. Жалпылап айтканда, катышуучулар толтурган анкеталардын жыйынтыгына караганда, долбоор таасир калтырды жана жакты(98%). Көп адамдар бул долбоорду колдоорун билдиришти. Баардык катышуучулар «Кыргызстандын идеялык картасы» долбооруна катышууга макулдугун беришти.
Салтанат Аскар Салымбековдун “өзүбүздөн душмандарды издегенди, чет элдер жөнүндө жаман сөз айтууну, тынчы жок ушактаганга, митингдерди уюштурганды токтотолу” деген чакыруусу менен бүттү. Дагы ал жаш муундарды өзүнчө улууларды сыйлоого жана угууга, жана бардыгына жашоонун ар кайсыл чөйрөсүндө жаңы бийиктикке жана жетишкендиктерге умтулууга чакырды.
Аягында, «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоору коомдо резонанс жаратып, көптөгөн катышуучулардын көңүлдөрүн көтөрүп, биздин коом жана өлкбүз келечекте жакшы жакка өзгөрөөрүнө үмүт калтырды.
Добавить комментарий