Радио "Азаттык": Илимий тармактар да коррупцияланышып кетти
14.09.2013 Кыргызстандын илимий келечегинен эмнени күтсө болот? “Азаттык” ушул теманы коноктор менен арай көз чарай отуруп талкуулады.
Кыргызстандын илимий келечегинен эмнени күтсө болот? “Азаттык” ушул теманы коноктор менен арай көз чарай отуруп талкуулады.
Өткөн апта соңунда Прогрессивдүү демилгелер фонду экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында маанилүү жана пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган өзгөчө илимий эмгектердин "Акыл тирек" жарышынын жыйынтыгын чыгарды.
"Арай көз чарай" талкуусунда Кыргызстанда кандай илимий ачылыштарды жасоого болот, ал үчүн кандай шарттар түзүлүшү керек, жаштар эмне үчүн илимге кызыпай жатат деген суроолор талкууланды.
Талкууга Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, “Акыл тирек” илимий жарышынын жеңүүчүсү Алина Алымкулова жана Илимдер академиясына караштуу Биология жана топурак таануу институтунун илимий кызматкери Адилет Усупбаев катышты.
“Азаттык”: Алина, жакында сиз илимий эмгектердин "Акыл тирек" жарышында жеңүүчү аталдыңыз. Сиздин эмгегиңизди жогоруда айткандай, мамлекетке маанилүү жана пайдалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган иш десек болобу?
Алина Алымкулова: Менин Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 40тан ашуун илимий ишим жарык көргөн. Анын ичинде монографияларым да бар. Жакында Казакстанда өткөн Астана экономикалык форумунда “Дүйнөлүк каржы кризисине каршы план” деген номинация боюнча биринчи орун алгам.
Мен биринчи кезекте Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө шарт түзө турган эмгектерди жазганга кызыгам. Мисалы, аймактар арасындагы теңсиздик, дүйнөлүк каржы кризисинин кыргыз экономикасына тийгизген таасири жана көмүскө экономика туурасында изилдөөлөрдү жасап келатам. Алсак көмүскө экономика жеке эле Кыргызстандын баш оорусу эмес, бул дүйнөдөгү чоң көйгөйлөрдүн бири. Ошондуктан Кыргызстанда анын көлөмүн азыраак кыскартышыбыз мүмкүн, бирок муну толук кыскартып же жоюп жибере албайбыз. Ага бир катар факторлор таасир этет.
14.09.2013 http://www.azattyk.mobi/a/25104842.html
Добавить комментарий